Добул (атмосфера)

Википедия дан

Добул (атмосфера) - атмосферадагы кубулуш; анда калың катмарлуу, жаанчыл-түрмөктөлгөн булуттарда же булут менен жердин аралыгында жаркылдаган электр заряддары чагылган пайда болуп, күн күркүрөйт. Добул жүргөндө нөшөрлөп (кээде мөндүрлөп) жамгыр жаап, мөндүр уруп, алайдүлөй бороон-чапкын болот. Жаансыз добул болушу да мүмкүн. Добул атмосфералык фронттор арасында (фронттук) жана жер бетинен жылган жергиликтүү абанын негизинде (ички массалык) пайда болот. Жер шарында бир эле мезгилде 1800гө чейин добул жүрүшү мүмкүн. Арктикада бир нече жылда бир жолу, мелүүн алкакта жылына ондогон күн болушу мүмкүн. Кургактыкта жайкы, океанда кышкы добулдар үстөмдүк кылат. Айрым аймактарда (ТүштүкЧыгыш Азия, Борбордук Америка жана башка) добулдуу күндөрдүн саны 200 күндөн ашыгыраак болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]