Доватор Лев Михайлович

Википедия дан

Доватор Лев Михайлович (7(20). 2.1903 - 19.12.1941) - Советтик Союздун Баатыры (1941, өлгөндөн кийин), генерал-майор (1941).

1928-жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1924-ж. ыктыяры менен Кызыл Армияга кирип, атчан аскер окуу жайын (1926), М. В. Фрунзе атындагы Аскердик академияны (1939) бүтүргөн. Ата Мек. согуштун башталышында Смоленск облусында душман тылына рейд жасаган атчандар тобуна, кийин Москваны коргоого катышкан. Үчүнчү жана 2-атчан аскер корпустарынын командачысы. Москва жанындагы (Рузадагы) салгылашууда баатырларча курман болгон. Ленин ордени, башка 2 орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.