Довгаль Татьяна Андреевна

Википедия дан

Довгаль Татьяна Андреевна (1937-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Отрадный кыштагы) – саанчы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1981[1]). Эмгек жолун 1953-ж. «Биринчи Май» колхозунда чочко багуучу болуп иштөөдөн баштаган. 1956-жылдан саанчы. 11-беш жылдыкта (1981–85) ар саан уйдан (23 уй) орто эсеп менен 5290 кгдан сүт саап алууга жетишкен. 1970–79-ж. СССР Жогорку Советинин депутаты[2][3]. Үч Ленин, Октябрь Революциясы ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда передовикам сельского хозяйства Киргизской ССР». Текшерилген күнү 3 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 13 -март (жалган куран) 2016.
  2. Список депутатов Верховного Совета СССР VIII созыва
  3. Список депутатов Верховного Совета СССР IX созыва