Доза иондоштуруучу нурларда

Википедия дан

Доза иондоштуруучу нурларда – иондоштуруучу нурдун заттын масса бирдигине сиңген энергиясы. Жутулган энергия затты жылытып, анын физикалык жана химиялык касиеттерин өзгөртөт. Доза нурлануунун түрүнө (рентген нурлануу, нейтрондордун агымы жана башка), бөлүкчөлөрдүн энергиясына, алардын агымынын тыгыздыгына жана нурду сиңирүүчү заттын курамына жараша болот. Нур канчалык көп убакыт берилсе, доза ошончолук көбөйөт. Дозанын убакыт бирдигинде сиңирилгени доза кубаттуулугу деп аталат. Жутулган доза бирдиктер системасында – грей (Гр), 1 Гр = 1 Дж/кг менен өлчөнөт, ошондой эле системадан тышкары бирдик рад (1 рад =10–2 Гр) да колдонулат. Экспозициялык доза – рентген жана g-нурлануунун таасиринен абанын иондошуу өлчөмү. Ал пайда болгон заряддын саны менен өлчөнүп, бирдиктер системасында кулон/кг (Кл/кг), системадан тышкары рентген менен белгиленет. 1 см3 абада 2,08. 109 жуп иондуу (0°С жана 760 мм сым. мам.) пайда кылуучу иондоштуруучу нурлардын дозасы рентген деп аталат. Эквиваленттик доза сиңирилген дозанын өлчөмү менен сапат коэффициентинин көбөйтүндүсүнө барабар. Ал бэр менен өлчөнөт. Иондоштуруучу нурлардын тирүү организмге таасир этүүчү дозасы үстүрт, терең, диагноздоочу, дарылоочу, стерилдөөчү, өлтүрүүчү жана башка болуп бөлүнөт. Адамдын өмүрүнүн коопсуздугу үчүн эквиваленттик дозасынын өлчөмү жылына 5 бэрден ашпоого тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1