Дозор

Википедия дан

Дозор, тозот – согуш шартында бөлүктөр менен бөлүкчөлөрдүн чалгындоочу же кайтаруучу тобу. Дозор жөө аскерлерде 2–3 жоокерден 1–2 бөлүмгө же моторлоштурулган бир взводго, же бир танкалык взводго чейин болот. Мындан тышкары адистештирилген аскерлерден инженериялык жана химиялык чалгындоочу дозор да жиберилет. Дозор душман күчү жана анын капысынан кол салышы жөнүндөгү маалыматтарды берет. Дозордун жакын же алыс барышы анын курамына, милдетине жана согуштук шартына жараша болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1