Доксография

Википедия дан

Доксография (лат. doxographi – ой пикир, көз караш) – 19-кылымдын ортосунда Г. Узенер тарабынан киргизилген бул термин «өмүрнаама» (өмүрбаянчылар) жанрында эмес, философтордун «көз карашнаамасы» жанрында эмгектенишкен байыркы авторлор тууралуу маалымат берип, Г. Дилстин «Грек доксографтары» (1879) аттуу классикалык эмгеги менен илимден орун алган.

Ал эмгекте Доксографиялык адабияттардын сакталып калган үлгүлөрү биринчи жолу жыйналып, сын көз карашта жарыяланган. Сөздүн нукура маанисинде доксографтар делинип, философтордун «көз караштары» тематикалык рубрикалар боюнча топтолуп, көйгөйлүү система ырааттуулугунда чечмеленген жыйнактардын авторлору гана аталышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]