Доктрина

Википедия дан

Доктрина (лат. docere – окутуу, doktrina – окуу) – абройлуу окуу; принциптердин жыйындысы; кубулуштардын кайсы бир тармагы жөнүндөгү теориялык жоболордун системасы; кайсы бир окумуштуунун же ойчулдун көз караштарынын системасы.

Доктрина терминдин тек – жайы христианчылыктан башталат жана алгач ыйык текстке негизделген диний окууну туюндуруп, чиркөөдөгү диний окуунун маңызына байланышканы аркылуу жалпыга таанылган. Ушу убакка чейин христиандык мазмундун артыкчылыгын сактап калуу менен Доктрина түшүнүгү ошондой эле жалпы дин таануучулук менен диний эмес мазмунду да сиңирип калды.

Доктринер – турмуш менен анча шайкеш келбесе да, Доктринаны бек туткан адам. Каймана маанисинде – ал өз билгенин бербеген талмудист, эскирген догмаларды көгөргөн жактоочу. Эгерде диний эмес окуу Доктрина деп аталып калса, анда ал көпчүлүк учурларда ошол окууну айныксыз чындык деп жактагандардын көз караштарына карата колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]