Доктур Ким

Википедия дан

"Доктур Ким" (англ. Doctor Who) - 1963-жылы Би-би-си чыгарган британиялык илимий-фантастикалык телепрограмма болуп саналат. Программада жердик эмес, Галлифрей планетасынан чыккан, "Доктур" деп аталган Убакыттын Төрөсүнүн окуялары сүрөттөлгөн. Доктур ааламды Тардис деп аталган космостук кемеде жүрүп изилдейт. Анын сырткы түзүлүшү сериал алгачкы жолу көрсөтүлүп жатканда адаттагы көнүмүш көрүнүш болгон британиялык полициялык жашиктей көрүнөт. Доктур бир нече жолдоштору менен цивилизацияны сакташ үчүн ар кыл душмандарга каршы күрөшөт, муктаж адамдарга жардам берет.

Шоу – британдык таанымал маданияттын эң чоң бөлүгү болуп, культ катары өз жолдоочуларына ээ болгон. Ал британдык телекөрсөтүүлөрдүн адистеринин көп муундарына таасирин тийгизген, алардын бир тобу сериалды көрүп отурушуп өсүшкөн. Программа 1963-жылдан 1989-жылга чейин жүргөн. 1996-жылы "Доктур Ким?" деген ат менен жашынган учкуч жөнүндө телефильм чыгарып, бул регулярдуу өндүрүштү тирилтүүгө ийгиликсиз аракет болуп өткөн. Программа 2005-жылы улантылып, андан бери Кардиффадагы Би-Би-Си Уэльс үйүндө чыгарылат. Доктур Ким ошондой эле кошумча чыгармаларды жараткан, анын ичинде комикстер, фильмдер, романдар, аудио-драмалар жана "Жыгач шамдал" (2006-2011), "Сара Жейндин окуялары" (2007-20011), К-9 (2009-2010) жана "Мастер класс" (2016-жылдан азыркы күнгө чейин) аттуу тересериалдар бар, жана таанымал маданиятта көптөгөн пародиялар менен шилтемелердин предмети болгон.

Июлда Жоди Уиттакер Он Үчүнчү Доктур катары көрсөтүлдү, ал биринчи болуп ушул ролду ойной турган аял киши.

2022-жылдын 8-майында Нкути Гатва Джоди Уиттакерден он төртүнчү доктордун милдетин аткарып, аны сериалдын башкы ролун аткарган биринчи кара түстөгү актер кылаары жарыяланган.[1]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:TV-stub