Доктур Хаус

Википедия дан

"Доктур Хаус" (англ. House), кээде "Хаус" – 2004-жылдын 16-ноябрынан 2012-жылдын 21-майына чейин 8 сезон бою Fox тармагында көрсөтүлгөн америкалык медициналык драма телесериалы. Сериалдын башкы каарманы Грегори Хаус (Хү Лори), адаттан тыш, мизантроп, медициналык гений, ал өзүнүн оору басуучу дарылардан көз каранды болгонун акарабай, Нью-Жерсидеги (Пенсильвания) ойдон чыгарылган Принстон-Плейсборо окуу ооруканасында диагносттордун тобун жетектейт. Сериалдын түзүлүшүн Пол Аттанасио ойлоп тапкан, ал эми жаратуучу деп айтылган Дэвид Шор биринчи кезекте каармандын мүнөз белгисине жооп берген. Сериалдын аткаруучу продюсерлери катары Шор, Аттанасио, анын бизнес шериги Кэти Жейкосб жана кинорежиссер Брайан Сиңер кирген. Ал негизинен Century City шаарында тартылган.

"Доктур Хаус" сериалынын экинчиден төртүнчүгө чейинки сезону Кошмо Штаттардагы он мыкты сериалдардын катарына кирген. 2008-жылы 66 өлкөгө таратылган "Доктур Хаус" дүйнөдөгү эң көп көрүлгөн эң белгилүү телепрограммага айланган. Көрсөтүү көптөгөн сыйлыктарды алган, анын ичинде беш Эмми сыйлыгы, эки "Алтын Глобус#, "Пибоди" сыйлыгы, тогуз "Эл тандоосунун" сыйлыгы. 2012-жылдын 8-февралында Fox журүп жаткан 8-сезон акыркы боло турганын жарыялаган. Сериалдын финалы ретроспективдүү хронометраждан кийин 2012-жылдын 21-майында чыккан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]