Документ кино

Wikipedia дан

Документ кинокино өнөрүнүн бир түрү; турмуштук чыныгы фактылар менен окуяларды камтыган кыска, толук метраждуу фильмдерден жана киножурналдардан турат. Документ кинону түзүүдө актёрлор катышпайт, жасалга колдонулбайт. Жалпы эле кинематография документ кинодон башталган. Эң алгачкы документ кинону 1895-ж. Францияда ага-ини Люмьерлер тартышкан. 1917-ж. мартта Москва, Петроградда Жумушчу жана солдат депутаттарынын советинде түзүлгөн кинематография бөлүмү революциянын жүрүшүнөн көрүнүштөрдү тарткан. Улуу Октябрь социалистик революциясынан кийин кинохрониканы Москвадагы жана Петрограддагы кинокомитеттер (1918-ж. түзүлгөн) чыгарган. Режиссер Г. М. Болтянский, Д. Вертов, В. Р. Гардин, Л. В. Кулешовдун жетекчилиги менен операторлор Г. В. Гибер, С. П. Забозлаев, П. В. Ермолов, А. Г. Лемберг Коминтерндин 3–4-конгресстериндеги Лениндин сөзүн, Советтердин съезддерин, Граждандык согуштагы Кызыл Армиянын операцияларын, биринчи электр станциясынын иштешин тартышкан. 1920-жылдарда Документ кинонун өнүгүшү Д. Вертовдун чыгармачылык изденүүсүнө байланыштуу. «Лениндик кино чындык» (1925), «Алгала, Совет!» (1926), «Он биринчи» (1928) фильмдеринде революциядан кийинки өзгөрүштөр баяндалган. 1920–30-жылдары документалисттер беш жылдыктар жөнүндөгү «Москва» (реж. М. А. Кауфман, И. П. Копалин), «Түрксиб» (В. А. Турин), «Ленин жөнүндө үч ыр» (реж. Д. Вертов), «Испания» (реж. Э. И. Шуб) жана башка фильмдерди тартышкан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде «Москва алдында немис аскерлеринин кыйрашы» (реж. Л. В. Варламов, И. П. Копалин), «Сталинград» (реж. Л. В. Варламов) жана башка тартылган. Эл чарбасын калыбына келтирүү жылдарында «Донбасс» (реж. М. Л. Билинский), «Жеңген өлкөнүн күнү» (реж. И. П. Копалин, И. Ф. Сеткина) сыяктуу эң сонун киносанжыра түзүлдү. Жылына 300дөн ашуун фильм жана 1300 киножурнал чыгаруу менен, советтик документ кино дүйнөгө таанылган, көп документ фильмдер эл аралык кинофестивалдарда чоң байгелерге ээ болгон. Кыргызстан жөнүндө алгачкы документ кинону киносаякатчы В. А. Шнейдеров тарткан (1928; «Туңгуюк алдында», 1928; «4500 метр бийиктикте», 1931). 1942-ж. Фрунзе кинохроника студиясы түзүлгөндөн кийин «Советтик Кыргызстан» деген туңгуч киножурнал тартылып (1943), Улуу Ата Мекендик согуштун акырына чейин анын 100дөн ашуун саны чыгарылган («Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында», 1944; «Жогорку сыйлык», 1944; «Жеңиш күнү», 1946 жана башка). 1950-жылдары, кыргыз документ киносунун калыптануу кезинде, «Ырдын жаралышы» (И. Көкеев), «Алар Тянь-Шанда төрөлгөн», «Мен жана менин курдаштарым» (Л. Турусбекова) сыяктуу кинотасмалар жаралган. 1960-жылдары Москва, Ленинграддан бүтүп келишкен улуттук кадрлар Кыргызстанда документ кино тартууну жандандырган. «Заводдогу жолугушуулар» (1963), «Күнгө баккандар» (1963), «Тоолорго үч жооп» (1963, реж. Ю. Герштейн, А. Видугирис, И. Моргачёв), «Алай карларында» (1964), «Михаил Фрунзе жөнүндө аңгемелер» (1963, реж. И. Көкеев), «Манасчы» (1965, режана башка Шамшиев; Оберхаузендеги эл аралык кинофестивалда Алтын медалга арзыган), «Жылкылар» (1965, реж. Т. Океев), «Чабан» (1966, режана башка Шамшиев, Бүткүл союздук 3-кинофестивалда биринчи сыйлык, 1968), «Кумдагы сепилдер» (1967, реж. А. Видугирис, Я. Бронштейн; Краковдо «Алтын ажыдаар» жана эл аралык 4-сыйлык), «Кыял» (1967, реж. Ш. Апылов, Эл аралык жана Бүткүл союздук 4-сыйлыгын алган), «Дүйшөндүн көпүрөсү» (1971, реж. Г. Дегальцев; Краковдо «Алтын ажыдаар» сыйлыгы, 1973), «Нарын күндөлүгү» (1971, реж. А. Видугирис; Греноблде Гран при, Бүткүл союздук 5-кинофестивалда 1-сыйлык), «Почта» (1972, режана башка Абдылдаев; Лейпцигде «Күмүш көгүчкөн» сыйлыгы, 1972; Бүткүл союздук кинофестивалда 1-сыйлык, 1973) жана башка көп документ фильмдер тартылган. 1980–90-жылдарда кыргыз документалистикасында бир аз басаңдоо байкалат. Ошентсе да, режиссёрлор мурдатан келе жаткан салтты улантууга аракеттеништи. Бул мезгилде «Кошой таш» (реж. Л. Турусбекова, 1981), Кыргыз Совет Энциклопедиясы тууралуу «Накыл китеп» (реж. К. Акматалиев, 1984), «Зууракан» (режана башка Абдылдаев, 1984). «Айлампа» (реж. В. Виленский, К. Орозалиев, 1988), «Ошондо «Манас, Манас» деп ураан чакырып» (реж. Н. Борбиев, 1994), «Жүрөктөгү сулуулук» (реж. Р. Шершенова, 1996), окумуштуу, физик Самат Кадыров тууралуу «Космостогу орундук» (Э. Абдыжапаров, 1998), «Жараткан менен атаандаш» (М. Жыргалбаев, 2006), «Салбуурун – ата-бабанын аңчылыгы» (С. Койчуманов, Н. Болотов, 2007) жана башка документ фильмдер жаралды.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1