Долбоорлоо

Википедия дан

Долбоорлоо – курууга болжолдонгон объектинин долбоорун алдын ала жасоо процесси. Курулушта жана техникада долбоорлоо – капиталдык курулуштарды (кандайдыр бир объектини) курууда, өнөр жай жана айыл чарба продукцияларынын жаңы түрүн же үлгүсүн жасоодо долбоордук, конструкция жана башка техникалык документтерди иштеп чыгуу. Долбоорлоо процессинде техникалык жана экономикалык эсептөөлөр, схемалар, графиктер, түшүнүк каттар, макеттер жасалат жана спецификация, смета, калькуляция түзүлөт. Машинанын, прибордун, жабдуунун жана башка өнөр жай продуктуларынын үлгүсүн, жаңы түрүн же конструкциясын долбоорлоодо баштапкы белгилерин (сызыктар, өзгөчөлүгү, орнотуу, оңдоо, кароо жана башка конструктордук документтер), техникалык шартын иштеп чыгат. Долбоорлоо атайын уюмдар тарабынан жүргүзүлүп, тармактык жана атайын долбоорлоо болуп бөлүнөт. Долбоорлоо техникалык прогресстин илимди өндүрүш менен байланыштырган маанилүү бөлүгү. Долбоорлоонун мындан аркы техникалык деңгээлин көтөрүү жана аларды иштеп чыгуунун мөөнөтүн кыскартуу – жаңы кубаттуу өндүрүштөрдү тезинен киргизүүгө, сапаттуу жаңы эмгек куралдарын жасоого, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана өндүрүштүн жалпы натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Кийинки учурда долбоорлоонун салттуу түрлөрү (архитектуралык курулуш, машина жасоо, технологиялык жана башка) менен катар адам-машина системалары, эмгек процесстери, уюмдар, экологиялык, социалдык, инженердик-психологиялык, генетикалык жана башка өз алдынча багыттары калыптанууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1