Долоноту мөңгүсү

Википедия дан

Долоноту мөңгүсүКүнгөй Ала-Тоонун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 4,0 км, аянты 3,2 км2. Чоң Кемин суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4440 м, этеги 3490 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3860 м. Абляция облусунун аянты 1,3 км2. Сол тарабынан жыл бою эрибей турган кар көчкү конустары менен капталган. Д. м. 1927– 32-ж. 20–25 мге алдыга жылып, 1958-ж. 96 мге, 1965-ж. 70 мге тартылган. Мөңгүдөн Долоноту суусу (Чоң Кеминдин сол куймасы) башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]