Долон калк

Википедия дан

Долон (моңголчо жети) - КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районунда (Жарган-Дарыя, Чекилдек, Караңгылык) жашаган калктардын бири. Бүгүнкү күндө уйгурларга жуурулушуп бараткан долондордун түпкү теги айрым маалыматтарда кыргыз экендиги белгиленет. Долондордун материалдык маданияты жана антропологиялык тиби да кыргыздарга жакын. Ч. Валиханов Чыгыш Түркстандагы Барчык жана Марал-Башы аймактарын мекендеген Долон аттуу өзгөчө уруу жөнүндө жазып, алар өздөрүнүн тегин кыргыздар менен жалпы экендигин белгилешерин эскерген. Санжыра маалыматтарында Долон бий Ак уул, Куу уулдун атасы деп айтылып, алардан кыргыздын оң, сол жана ичкилик уруулары тарары айтылат. Этноним жети уруу же жети уруу эл маанисин да туюнтушу ыктымал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5