Долон циркон жана сапфир кени

Википедия дан

Долон циркон жана сапфир кени Нарын районунда, Нарын шаарынан 30 км түндүктө, деңиз деңгээлинен 2500–3000 м бийиктикте. 1989-ж. табылган. Циркондун чачындысы Оттук, Байдулу жана Туюк сууларынын тектирлеринде табылган. Өлчөмү 3x3x3 ммден жогору болгон циркондун бүртүктөрү кондициялык деп эсептелет. Циркон түссүз, алтын жашыл өңдө. Циркондун өлчөмү 1,92 карат/м3. Кондициялык циркондун чыгышы анын жалпы массасынан 10-15% түзөт. Корунд майда (2x1 ммге чейин) сыныктар түрүндө кездешет. Салмагы 0,45 карат, өлчөмү 4x4x3 мм болгон каралжын-көк түстөгү сапфирдин кесеги табылган. Циркондун болжол ресурсу 125249,6 каратты түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]