Доминанттуулук

Википедия дан

Доминанттуулук – гетерозиготалуу особдун белгилерин аныктоодо гендин бир аллели экинчи аллелдин катышуусун чыгарбай басымдуулук кылуусу. «Доминанттуулук» терминин Г. Мендель киргизген. Ал түрдүү белгиси бар буурчактарды аргындаштыруудан доминанттуулукту аныктаган. Мисалы, сары жана жашыл уруктуу буурчактарды аргындаштырганда 1-муундун (А) уруктары сары болуп калат да, жашыл уруктарга үстөмдүк кылат, башкача айтканда жашыл урук көмүскөдө калат. Үстөмдүк кылганы доминаттык (А), көмүскөдө калганы рецессиялык (а) аллель деп аталат.

Гетерозигота — гомологиялуу хромосомаларда түрдүү аллелдер менен берилген диплоиддик же полиплоиддик өзөктөр (ядролор), клеткалар же көп клеткалуу организмдер, гендердин көчүрмөлөрү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]