Домино теориясы

Википедия дан

Домино теориясы - АКШ президентинин бир убактарда кеңешчиси болуп иштеген профессор В. Ростовдун пикири боюнча, Вьетнамдагы ийгиликсиздик анын коммунисттешүүсүнө жана башка Индокытай менен Түштүк Азия өлкөлөрүнүн да АКШнын таасиринен чыгып, коммунисттешүүсүнө себепкер болушу мүмкүн.

Ошондукутан кантип болсо да Вьетнамда ийгиликке жетишүү керек жана согуш улантылышы керек болгон. Ростов бул абалдын өнүгүү процессин домино оюнундагы таштардын сандарына карата тизмектелишине окшоткон. Анын бул көз карашы саясий чөйрөдө домино теориясы деп аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9