Домкрат

Википедия дан

Домкрат (голл. dommekracht) – оор жүк көтөрүү үчүн туруктуу орнотулган, алып жүрмө же жылдырылма механизм. Домкраттын өлчөмү кичине, өзү жеңил болгону менен, оор жүктү бир нече метр бийиктикке көтөрөт. Иштетилүү түрүнө карата кол жана электр менен көтөрүүчү; иштөө эрежеси боюнча рейкалуу, бурамалуу жана гидравликалык болуп айырмаланат. Рейкалуу домкраттын негизги бөлүгү – жүк көтөргүч рейка. Кыймыл берүү механизминин түрүнө карата рычагдуу жана тиштүү болот. Рычагдуу домкрат рычаг, ал эми тиштүү домкрат тутка аркылуу көтөрүлүп-түшүрүлөт. Мындай домкраттар 15 тга чейинки жүк көтөрө алат. Бурамалуу домкраттын негизги бөлүгү – жүк көтөргүч тирөөчкө шарнирдүү бекитилген бурама. Бул домкрат менен 20 т, ал эми атайын максатта жасалган домкрат 100 тдан ашык жүк көтөрөт. Гидравликалык домкрат бир нече жүздөгөн т жүктү көтөрө алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1