Дониш Ахмад Махдум бин Носир

Википедия дан

Дониш Ахмад Махдум бин Носир (ылакап аты - Калла (баш)) (1827- 1897) - тажик жазуучусу жана философу.

19-кылымдагы тажик агартуучулар кружогунун башчысы. Кедей имамдын үй-бүлөсүнөн. Медреседе окутан. Бухара эмирлигинин эң билимдүү адамы. Петербургга Бухара эмири жиберген (1857-ж. нояб., 1869-ж. окт., 1874-ж. янв.) элчилердин арасында болгон. Орус тили менен маданиятын үйрөнүүгө чакырган. Эмирликтин коомдук турмушун кайра куруунун долбоорун иштеп чыккан. Доништин «Кутман Бухарины сураган мангыт эмирлеринин кыскача тарыхы» (1860- 65) жана «Сейрек окуялар» (1875-82) деген чыгармалары 19-кылымдагы Бухара тарыхы боюнча маанилүү булактардан. Анын чыгармалары Орто Азия элдеринин жаңы адабиятынын өнугүшүнө, асыресе М. Хайрати менен С. Айнинин чыгармалыгына орчундуу таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.