Дононбаев, Алим Дононбаевич

Википедия дан

Дононбаев, Алим Дононбаевич (1940-ж.т.) - саясат таануу илимдеринин доктору (2006-ж.), профессор (2000-ж.).

  • Кемин районунун Ак-Туз айылында төрөлгөн.
  • 1964-ж. «Кытай тили жана адабияты» адистиги боюнча Ташкент мамлекеттик университетин аяктаган.
  • 1968-1976-жж. финансы-өндүрүштүк институтунун философия кафедрасынын ага окутуучусу.
  • 1983-1997-жж.чыгыш таануу бөлүмүнүн секторунун башчысы, этнография бөлүмүнүн алдыңкы катардагы илимий кызматкери, экономика жана саясат таануу бөлүмүнүн башчысы, КР УИАсынын чет өлкөлүк саясий-экономикалык тажрыйбалар институтунун директору.
  • 1997-2000-жж. КР Президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр Эл аралык институтунун директору.
  • 2000-2008-жж. Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы интеграциялык эл аралык билим берүү программалар институтунун профессору.
  • 2006-ж. саясат таануу боюнча докторлук диссертациясын жактаган.
  • 2009-ж. КОСУнун эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы.

«Эл аралык мамилелердин саясий маданияты» теориялык концепциясынын автору. 150дөн ашуун илимий жана методикалык эмгектерин жарыялаган, анын ичинде: «Международные отношения и политическая культура» («Эл аралык мамилелер жана саясий маданият») (2002), «Нация государство» и политическая культура» («Мамлекеттин улуту» жана саясий маданият») (2002), «Кыргызстан. Политическая культура. Человек и государство» («Кыргызстан. Саясий маданият. Адам жана мамлекет») (2002).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8