Донор (кан берүү)

Википедия дан
Кан берүү

Донор(от лат. donare — «берүү») — өз каалоосу менен канын бирөөгө куюуга, ошондой эле дары препараттарын жасоого берүүчү адам. Донорлор оорулуулардын ден соолугун жана өмүрүн сактоого жардам берет. Жашы 18ден жогору, ден соолугу таза адам. Донор боло алат. Донорлордон кан алуу жана аларды консервалоо кан куюу станцияларында жүргүзүлөт. Ал станциялар районундагы ооруканаларды жана башка дарылоо мекемелерин кан менен камсыз кылат. Донор алдын ала медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт. Биринчи жолу кан берген Донордон 200—250 мл, кайталап бергендерден 450 млге чейин кан алынат.

Кайталап кан берүүгө 2 айдан кийин гана уруксат берилет. Донордун каны атайын идишке алынып, идиште канды консервалоочу заттар болот. Идиштин сыртына кандын тобу, Донордун фамилиясы, кан алынган дата жазылат. Донорго кан берген күнү атайын тамак берилет жана кызматтан бошотулат. Ал күндөрдө ишинин орточо айлыгы сакталат, курорт, эс алуу үйлөрүнө путёвкаларды 1-кезекте алышат. Донорлукка жана аларды уюштурууну Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коому жүргүзөт. Активдүү Донорго «СССРдин ардактуу донору» деген наам берилчи.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8