Дон көмүр бассейни

Википедия дан

Дон көмүр бассейни, Донбасс – Украинадагы (Днепропетровск, Донецк, Луганск облусу) жана Россиянын европалык бөлүгүндөгү (Ростов облусу) таш көмүрдүн ири кендери жайгашкан аймак. Мындагы көмүр 18-кылымдын башында ачылып, 19-кылымдын аягынан өнөр жайлыклык негизде казып алына баштаган. Аянты 60 миң км2. 1800 м тереңдикке чейинки геологиялык жалпы запасы 140,8 млрд т. Таш көмүр мезгилинин чөкмө тектеринин арасынан 300гө жакын көмүр катмары табылган. Казып алууга жарамдуу көмүр катмарларынын орточо калыңдыгы 0,7–1,5 м. Таш көмүрдүн маркасы Д–Т (78%), антрацит (22%). Күйүүдөгү жылуулук энергиясы 21,2–26,1 МДж/кг. Жылына 210 млн т көмүр казып алынат (1979), 80 млн тоннасы коксталат. 400гө жакын шахта бар. Негизги көмүр өнөр жай борбору – Донецк, Макеевка, Лисичанск, Горловка жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1