Доолдай

Википедия дан

Доолдай - жука кийиз ичтелип, таар же калын кездеме менен тышталган узун сырт кийим.
Доолдай эркектерге жана кедей зайыптарга таандык. Элдин оозеки чыгармаларда кыргыздардын эң байыркы кийимдери катары сүрөтөлөт. Чыңында доолдайдын кементай сыяктуу этегинин кен болушу, улам жогорулаган сайын анын кууш тартып кеткени, жакасынын жөн гана кыйыкталып коюлушу, эки онурунун бир гана жеринен бучу менен байланышы, эки жени, эки онурунун учасынын сулк-сулк бычылышы анын байыркы кийимдерден экенин далилдейт.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003.