Дооронбеков Жакшылык

Википедия дан

Дооронбеков Жакшылык Зергер. 1938-ж. Кара-Буура районундагы Бейшеке айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү, механизатор. Себетти колдо жасоону Төрөгүл устадан, күмүш бетине чийим түшүрүп, ага себет төгүүнү Бейшенаалы Курманкул уулунан үйрөнгөн. Зер жасалгалары: сөйкө, билерик, шакек, оймок, бойтумар өңдүүлөргө себетти (сыя төгүү) пайдаланууга чоң усталардын узануу ыкмаларын таасын колдонуп, андан ары улоого ишенимдүү нугу бар. Себет жасоо, аны күмүш бетине жугузуу, ага акак таш чөгөрүү, ийне шибеге аркылуу күмүш оюм-чийим түшүрүү ыкмаларына узанууда анын чыгармачылык чыйырындагы үндөштүктөр өз устаттарынан анча айырмалана албайт. Бирок, такай көркөм буюм кармоосунда улам өзүнүн чеберчилик кошумчаларын киргизип отурат да, өнөр кайра чеберди ээрчигендей сезилип турат. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык кароо-сынагы». Зер буюмдары үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1988-ж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын, Кыргыз ССР Маданият министрлигинин, Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин жана Кыргыз ССР Сүрөтчүлөр союзунун «Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук II фестивалына карата элдик чеберлердин республикалык көркөм көргөзмөсү». Зер буюмдары мамлекеттик музейлерге экспонатталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0