Доор руху
Көрүнүш
Доор руху – «мезгил руху» деген түшүнүккө синонимдеш жана доордун маданий нарк-насилинин биримдигин туюндурат.
Доор руху белгилүү бир маданий-тарыхый мезгилде жашаган коомго, элге мүнөздүү маани-маңыздардын, ой-жүгүртүүлөрдүн, баалулуктардын, нормалар менен идеалдардын, стереотиптер менен жоболордун бир бүтүндүгү. Доор руху түшүнүгү изилдөөчүлүк алкакка немис тарыхчылары Х. Мейнерс жана Д. Тидеман (18-к.) тарабынан киргизилген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|