Допинг (баңгилик)

Википедия дан

Допинг (англ. doping, от англ. dope — мас кылуучу, уктатуучу, талытуучу заттар, (мис. алкоголь, кокаин, апийим, бром ж.б.)) — организмдин күч-аракети менен акыл-эсинин иштешин тездетүүчү жана убактылуу күчөтүүчү заттар. Допинг катары негизинен борбордук нерв системасын козгоочу заттар, сеп алдыруучу дарылар жана башка колдонулат. Допинг контролсуз колдонулса, ага организм көнүп калып, керектүү натыйжага жетиш үчүн дарынын өлчөмүн көбөйтүүгө аргасыз болот. Ал болсо кишинин ден соолугуна терс таасирин тийгизет (к. Баңгилик).

Допингди кээ бир капиталисттик өлкөлөрдө спортто колдонушкан. 1967-ж. Эл аралык олимпиялык комитет Допингди спортто колдонбоо жана эл аралык мелдештерде Допингге каршы текшерүүнү түзүү жөнүндө чечим чыгарган. Эгер спортсмен допинг колдонуп мелдешке чыкса, ал дисквалификацияланат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8