Дориан Грейдин сүрөтү

Википедия дан
Дориан Грейдин сүрөтү (Lippincott айлык журнал, 1890).

"Дориан Грейдин сүрөтү" (англ. The Picture of Dorian Gray) — Оскар Уайлддын философиялык романы. Биринчи жолу толугу менен 1890-жылы ай сайын чыгып турган Lippincott журналында жарык көргөн. Журналдын редактору окуя адепсиз болуп калды деп коркуп Уайлдга айтпай эле басып чыгарганга чейин болжол менен беш жүз сөздү өчүрүп салган. Цензурага карабастан "Дориан Грейдин сүрөтү" британиялык китеп сынчыларынын адеп-ахлак сезимдерин кемсинтип, айрымдары Оскар Уайлд коомдук адепти сактаган мыйзамдарды бузганы үчүн жазага тартылышы керек экенин айтышкан. Аларга жооп кылып Уайлд өз романын жана британ басма сөзүндөгү чыгармачылыгын агрессивдүүлүк менен коргоп чыкканына карабастан ал кийинки жылы жарык көрө турган китебинин эң талаш-тартыш жараткан окуяларын кыскартып, кайра көздөн өткөрүп карап чыккан.

Узунураак жана кайра каралып чыккан "Дориан Грейдин сүрөтү" китеп түрүндө 1891-жылы басылып чыгарылган. Афоризмдик формада жазылган кириш сөзүндө чыгармачыл инсандын укуктарын, көркөм өнөр үчүн искусствону коргогон маани камтылган. Бул бир чети мурдагы жылдарда романга карата жасалган басымдарга басма сөз аркылуу коргогон аракеттерине негизделген.Кириш сөзүнүн мазмуну, стили жана сунулушу адабий жана көркөм чыгармачылык катары белгилүү болгон. 1891-жылы апрелде Ward, Lock and Company басмаканасы китептин кайра көздөн өткөрүлгөн версиясын басып чыгарган. Бул компания китептин кыскараак, чуулгандуу жана журнал версиясын Англияда мурдагы жылдарда тараткан болчу.

Уайлд тарабынан жазылган жалгыз гана роман "Дориан Грейдин сүрөтүнүн" бир нече версиялары бар: 1890-жылдагы журналдык басылышы (13-бөлүмдөн турган) маанилүү материалдар журналдын редактору Ж. М. Стоддарт тарабынан жарыкка чыгаардан мурда өчүрүлгөн; эч кандай цензурага кабылбаган Lippincott айлык журналына Уайлд баштапкы материалдарын эч кандай өзгөрүүсүз тапшырган (ал да 13-бөлүмдөн турган) жана биринчи жолу 2011-жылы Harvard University Press тарабынан чыгарылган; жана ошондой эле 1891-жылдагы китеп түрүндөгү басылышы (20-бөлүмдөн турат).19-кылымдын адабияты катары "Дориан Грейдин сүрөтү" Фауст тарабынан көтөрүлгөн күчтүү темаларды камтыган готикалык көркөм адабияттын үлгүсү болуп саналат.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]