Доридалык ордер

Википедия дан

Доридалык ордер – өзү башат алган грек системасындагы 3 архитектуралык ордерлердин көрүнүншү боюнча эң оор, бекем түрү. Ал бекемдиги боюнча рим системасындагы ордерлерден тоскана ордеринен кийинки экинчи орунду ээлейт. Грек-доридалык жана рим-доридалык ордерлердин жалпы белгилери: 1) карнизде мутулдар бар; 2) триглифтик-метопалык фризи; 3) жылма архитравы; 4) түркүгү тоскана ордерине караганда ичке, ал эми ионик ордерине караганда жоон болот; 5) моюнча (римдик вариантында астрагал менен баса көрсөтүлгөн) эхин жана салыштырмалуу жоон, чарчы абакасы бар; 6) тыгыз жайланышкан жана бири-биринен миздүү кырлары аркылуу бөлүнүп турган каннелюрлар менен фустту иштеп чыгат. Бул эки варианттын айырмачылыгын грек-доридалык түркүктө базанын жоктугу, ал эми рим-доридалык (Дж. Виньола иштеп чыккан доридалык база салыштырмалуу түрдө аз, көп учурда аттикалык база колдонулат) түркүктө базанын сөзсүз болушу түзөт. Арх-ралык-теориялык эмгектерде Витрувийдин (биздин заманга чейин 1 к.) мезгилинен баштап эле доридалык түркүктү жылаңач эркек-баатырдын, ал эми ордердин өзүн анын руханий жана физикалык күчүнүн чагылдырылышы катары кабыл алып келишкен. Адатта мындай символика аны менен милдети боюнча туура келген курулуштарда Д. о-ди колдонууга чек койгон. Башка ордерлер менен бир фасадда айкалыша Д. о. «оор ордер» катары көбүнчө төмөн жакта, бирок тоскана ордеринен жогору жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]