Дорошенко Наталья Егоровна

Википедия дан

Дорошенко Наталья Егоровна (1927-ж. туулган, Казакстан , Чыгыш Казакстан облусу, Предгорненск району, Барашки айылы) – кызылчачы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1948). 1942-жылдан Кант районундагы Фрунзе атындагы совхоздун (ошол учурдагы) кызылча өстүрүү боюнча звенонун башчысы болуп иштеген. 2 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 860 цден түшүм алган. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1