Досбаев Ыманберди Райымбердиевич

Википедия дан

Досбаев Ыманберди Райымбердиевич (25.7.1962-ж.т., Ак-Таш айылы) - мамлекеттик жана коомдук ишмер.

Кыргыз мамлекеттик универеитетин бүткөн (1991).

  • 1981-1982 жана 1984-85-жылдары “АкТаш” совхозунда жумушчу,
  • 1991-92-жылдары Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча мамлекеттик комитетинде жетектөөчү адис,
  • 1992-99-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында социалдык өнүктүрүү департаментинин бөлүмүнүн референти, “Манас-1000” мааракесин өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы,
  • 1999-2001-жылдары Таш-Көмүр шаарынын мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары,
  • 2001-2002-жылдары Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында эксперт,
  • 2002-05-жылдары Кара-Көл шаарынын мэриясынын вице-мэри, 1-вице-мэри,
  • 2005-жылы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими,
  • 2005-07-жылдары Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими,
  • 2009-10-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчисинин жардамчысы,
  • 2010-11-жылдары Убактылуу Өкмөттүн Аппаратынын идеологиялык иштер жана коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмдүи башчысынын орун басары, башчысы,
  • 2011--12-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентиний Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана Кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперт-консультанДы, өнүгүүнү стратегйялык талдоо жана мониторингдөө бөлүмүнүн эксперт-консультанты, эксперти,
  • 2012-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти, бөлүм башчысынын орун басары.
  • Д.Кыргызстандагы алгачкы “Замандаш” коомдук-саясий клубунун (КМУнун алдында) түзүүчүсү (1986), “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу б-Ча комиссиянын мүчөсү (1987),
  • 1989-жылы Кыргызстандагы алгачкы саясий мйтйнгдин уюштуруучуларынын бири жана алый баруучусу болгон.

“Манас - 1000”, “Ош - 3000” медалдары менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6