Достук азил

Википедия дан

Достук азилсатиралык же юмордук адабияттагы көбүнчө ыр же кара сөз түрүндө жазылган арноо түрүндөгү кыска чыгарма. Достук азилде элге белгилүү инсандын (коомдук ишмер, акын-жазуучу, саясатчы жана башка) айрым мүнөздүү өзгөчөлүктөрү жалпы жонунан макталса да, апыртуу, тамаша, какшык аркылуу кээ бир кемчиликтери айтылат. Достук азилдин ыкмаларын дүйнөлүк адабияттын классиктери памфлет, эпиграмма, фельетондо пайдаланган. Кыргыз поэзиясында М. Алыбаев, Р. Шүкүрбеков, М. Борбугулов, Б. Сарногоев жана башка акындар өнүктүргөн. Азил ырларды адатта гезит-журналдардын майрамдык сандарында тамашалуу портрет коштойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1