Достук кум-шагыл кени

Википедия дан

Достук кум-шагыл кени Нарын районунда, Ат-Башы ГЭСинин жанында, Ат-Башы суусунун Нарынга куйган жеринде 1985-ж. табылган. Кен аймагын антропогендин аллювий-пролювий чөгүндүлөрү түзөт. Кум-шагыл катмары аллювий чөгүндүсүнөн пайда болгон. Шагыл жакшы жумуруланган гранит, диорит, акиташ, кумдук тектеринен турат. Узундугу 1 км, калыңдыгы 10–15 м. Гранулометриялык курамында 80 ммден жогорку кесекчелери – 22,6 – 32,3%; 80 –5 мм 58%; 5 ммден майдасы –19,13–23,86%, чаң – 0,27 –1,37%. Салыштырма салмагы 2,5 –2,6. Майдалоо коэффициенти 1,06–1,10. Суукка чыдамдуу. Шагылдын запасы 0,5 млн м3. Бетон куюуга, жолду асфальттоого колдонулат. Кумду чаңдан арылтып жуугандан кийин бетонго колдонсо болот. Запасы 0,5 млн м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]