Досу Шабаев

Википедия дан

Шабаев Досу (1912, азыркы Сокулук району, Асыл-Баш айылы — 1972, Бишкек ш.) — партиялык жана мамлекеттик ишмер.
1931—32 жылдары Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунан, 1950—53 жылдары КБКП БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептен окуган.
1932—37 жылдары комсомолдук, партиялык кызматтарда иштеген.
1937—40 жылдары Кеңештик Армияда кызмат өтөгөн.
1940—42 жылдары партиянын Жалал-Абад дубандык комитетинде инструкторлорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысына орун басар, Ала-Бука райондук партия комитетинин 1-катчысы, 1942—44 жылдары Жалал-Абад дубандык Эл депутаттарынын аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргыз КСР Эл комиссарлар советинин төрагасынын орун басары.
1944—46 жылдары Кыргызстан КП(б) Жалал-Абад дубандык партия комитетинин 1-катчысы.
1946-жылы Кыргызстан КП(б) БКныи уюштуруу-инструктор бөлүмүнүн башчысына орун басар.
1948—50 жылдары Кыргызстан КП(б) Талас дубандык партия комитетинин 1-катчысы, 1953-жылдан Кыргыз КСР маданият министринин орун басары.
1956—58 жылдары Кыргызстан компартиясынын Киров райондук партия комитетинин 1-катчысы.
1958-жылы аяк оона айынан (сентябрь) Кыргыз КСР элдик көзөмөлдөө комитетинде бөлүм башчы болгон.
1970-жылдан пенсияда. КСРБ Жогорку Кеңешинин депутаты (1946—50). Үч Эмгек Кызыл туу ордени менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.