Дот

Википедия дан

Дот (орусча долговременная огневая точка – узак мезгил ок атма чекит) – согуш куралдарынан (замбирек, миномёт, пулемёт жана башка) ок атуу жана аларды башкарган аскер адамдарын душмандын огунан сактоо үчүн бекемделип курулган коргонуу жайы. Таш, кыш, бетон жана темир-бетондон курулуп, пулемёттук, замбиректик жана аралаш дот болуп бөлүнгөн. Дот 1–2-дүйнөлүк согушта колдонулган. Учурда дот ДОС (узакка ок атуучу жай) деп аталып, чыпка-желдеткич, байланыш, электр жабдык системалары менен жабдылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1