Мазмунга өтүү

Дотация (көмөкпул)

Википедия — ачык энциклопедия

Дотация (көмөкпул) (орто кыл. лат. dotatio – белек, садага) – 1) чыгашасын жабуу үчүн же дагы башка максатта, жарандар менен уюмдарга жардам иретинде берилүүчү мамлекеттик кошумча жөлөкпул; 2) тапкан кирешеси товар өндүрүү жана сатуу чыгымын жаппаган ишканаларга, ошондой эле калк керектөөсүндөгү айрым товарлардын сатык баасын салыштырмалуу төмөнкү деңгээлде кармап туруу максатында бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты; 3) күндөлүк чыгымдарды жабуу үчүн бекер жана кайтарымсыз негизде Кыргыз Республикасынын бюджет тутумунун бир деңгээлинен экинчи деңгээлине берилүүчү финансы каражаттары.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]