Доңуз-Кудук доломит кени

Википедия дан

Доңуз-Кудук доломит кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Балыкчы шаарынан 35 км түштүк-чыгышта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Чоломо тоосунун бир тармагында, Доңуз-Кудук өрөөнүндө. 1971-ж. табылган. Кен аймагын палеозойго чейинки жана палеозойдогу терриген чөкмө тоотектери түзөт. Доломит катмар түрүндө бир нече кмге созулуп жатат. Калыңдыгы 40–120 м. Доломиттин 2 түрү кездешет. Биринчиси – серпентиндешкен, саргыч түстө. Блоктуулугу 0,2x0,2x0,2 м. Анча катуу эмес, оңой кесилет. Жакшы сайкалданат. Экинчиси – кызгылт күрөң түстө. Арасында тарамча жана бүртүк түрүндөгү кварц кезигет. Сайкалданышы орточо, бирок оңой кесилет. Блоктуулугу 0,3x0,3x0,3 м. Запасы мол. Кооз буюмдар жасоого, дубалдарды каптоого колдонсо болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]