Доңуз-кудук - Орто-токой ойдуңу

Википедия дан

Доңуз-кудук - Орто-токой ойдуңу - Тескей Алатоо м-н Кыргыз Ала-тоо тутумдашкан жерде.

Кызыломпол, Оттук, Алабел, Чоломо, Тегерек, Каракоо тоолору курчап жатат. Кочкор ж-а Т оң р-нун аймагында. Уз. 40 км, туурасы 7 км. Деңиз деңг. бийикт. 1700–2000 м. Тегерегиндеги тоолордун капталдары жантайыңкы. Таманы антропогендин кум, шагыл, чопо ж. б. тектеринен турат. Климаты континенттик; кургак, июлдун орт. темп-расы 17°С, январдыкы—4...—8°С. Жылдык жаан-чачыны 150–200 мм. Ландшафтында таштак чөл, жарым чөл, кургак талаа алкактары басымдуу. Кышкы жайыт: айдоо аянттары да бар. Ортотокойдун таманын суу сактагыч ээлейт. Ойдуң аркылуу Бишкек — Торугарт авт. жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2