Драйзер Теодор

Википедия дан

Драйзер Теодор (27. 8. 1871, Терре-Хот, Индиана штаты – 28. 12. 1945, Голливуд ) – америкалык жазуучу. АКШ адабиятындагы сын реализминин өкүлү. 1889–90-ж. Индиана штатындагы Блумингтон университетинде окуган. Адабий ишмердиги 1892-жылдан башталган. 1897-жылдан аңгеме, очерктери басылган. «Карындашым Керри» (1900), «Женни Герхард» (1911), «Финансист» (1912), «Титан» (1914), «Гений» (1915) аттуу белгилүү романдардын автору. «Ур, добулбас!» (1920) аттуу китебинде Россияга каршы баскынчылыкты айыптаган. «Америка трагедиясы» (1925) романы менен Драйзер реалисттик чеберчиликтин жогорку баскычына көтөрүлгөн. Совет өкмөтүнүн чакыруусу боюнча 1927-ж. СССРге келип, өз көргөндөрү жөнүндө «Драйзер Россияга көңүл бурат» (1928) деген китебин жазган. СССРди кыдырып чыккандан кийин жазган «Эрнита» повестинде америкалык адабиятта биринчи жолу коммунисттин образын түзгөн. Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмге каршы күрөшкөн, совет элинин баатырдык күрөшүн колдоп, гитлерчилерди айыптаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1