Дрейфустун иши

Википедия дан

Дрейфустун иши - франц. Ген-штабдын офицери, еврей Альфред Дрейфусту (1859-1935) адилетсиз айыптаган сот иши.

1894-ж. согушту жактаган франц. реакциячылар аны Германияга кызмат кылган деп күнөөлөгөн. Ошентип бул иш монархиячыл-аристократ төбөлдөр менен буржуазиялык демократтардын ортосундагы саясий күрөш маселесине айланган. Коюлган күнөө далилденбесе да сот Дрейфусту 1894-ж. декабрда өмүр бою каторгага кескен. республиканы коргоо жана Дрейфусту актоо үчүн алдыңкы жумушчулар менен социалисттер, прогрессчил интеллигенттер курошкон.

Э. Золянын президент Ф. Форго жазган («Мен айыптайм», 13. 1. 1898) каты да демократиялык кучтордун арасында чон роль ойногон. 1899-ж. 19-сентябрда Франциянын жаңы өкмөтү Дрейфусту камактан чыгарып, 1906-ж. июлда биротоло актаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.