Дренаж айыл чарбасында

Википедия дан

Дренаж айыл чарбасында (англ. drain – кургатуу) – жер кыртышын өсүмдүктүн өсүшүнө тоскоол болуучу ашыкча суудан арылтуучу мелиорация ыкмасы. Саздак жана ашыкча нымдуу жерлерди кургатуу үчүн жер астына орнотулуучу (түтүк, кудук жана башка) гидротехникалык курулмалар системасы колдонулат. Айыл чарбасында саздак жерди кургатуучу, жердин шордуулугуна каршы күрөшүүчү жана чополуу топуракта газ (аба) алмашууну күчөтүүчү (аэрация) дренажга бөлүнөт. Биздин заманга чейин. 2000-жылдарда Месопотамияда карапа дренажы пайда болгон. Кийин дренажБайыркы Римде, Европада (Франция , Улуу Британия) колдонулган. Көбүнчө саздуу аймактарда жана шор жерлерде жасалма дренаж жүргүзүлөт. Дренаждоодо кыртыштагы ашыкча суунун деңгээли төмөндөйт, зыяндуу туздарды эритип жууп кетирет, өсүмдүктүн тамырына шор келишин тосот. Кургатуучу дренажда түз жана тик ыкма колдонулат. Топуракты кургатуу үчүн негизинен карапа түтүктөр пайдаланылат. Чым көңдүү жерлерди кургатууда мурда жыгач түтүк, кийин тешиктүү пластмасса, полиэтилен, винипласт жана башка түтүктөрү кеңири колдонулууда. Шорсуздандыруу дренажы айрыкча Орто Азия, Закавказье, Түштүк Украина, Түндүк Кавказда колдонулат. Бул аймактардын шордуу болушу кыртыш сууларында минералдуу заттар көп болуп, алар бууланганда тез эрүүчү туздардын (NaCl, NaSO4, MgCl2, CaCl2 жана башка) топуракта топтолушуна байланыштуу болгондуктан, сугат жерлердин шор болушуна каршы күрөшүү үчүн түз жана тик дренаж колдонулат. Алар жабык дренаж деп аталат. Дренажды ачык канал менен да ишке ашырууга болот. Мында кургатылуучу аянтка бири бирине жарыш терең канал казылат да, анын капталдарынан сарыккан суулар чуңкурга чогулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1