Дубай

Википедия дан
Дубай (шаар)‎»‎ барагынан багытталды)

Дубай - Бириккен Араб Эмирликтери мамлекетиндеги шаар. Араб жарым аралынын түндүк-чыгышында. Перс булуңундагы порт. Дубай эмирлигинин административдик борбору. Калкы 585 миң (1989). Эл аралык аэропорту бар. Нефть казып алуучу аймактын борбору. Алюминий заводу, кемени кургакта ремонттоочу дүйнөдөгү эң ири курулма (кургак док) иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5