Дубал

Википедия дан
Дубал

Дубал – имараттын, там үйдүн жана башка керегеси; короо-жайдын топурактан, кыштан жана башка тургузулган тосмосу. Ал негизги тосуучу конструкциясы болуу менен бирге көтөрүп туруучу милдетти да аткарат. Дубал имараттарда сырткы жана ички, өзү көтөрүп туруучу, көтөрүп туруучу жана көтөрүп турбоочу болуп бөлүнөт. Көтөрүп туруучу жана өзү көтөрүүчү дубал басымды түздөн-түз пайдубалга берет, көтөрүп турбоочу имараттын башка конструкцияларына – негизинен түркүктөргө же кабаттардын ортосун жаап туруучу плиталарга бекитилет. Тургузулуу ыкмасы боюнча чогултулуучу (ири панелдүү же ири блоктуу), монолиттүү (көбүнчө бетондуу) жана кол менен тургузулуучу кыш дубал болот[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

  1. Кыш астында дубал - кандай материалдар колдонулат