Дубал гүлү болуунун кызыктуу жактары

Википедия дан

"Дубал гүлү болуунун кызыктуу жактары" (англ. The Perks of Being a Wallflower) — америкалык жазуучу Стивен Чбоскинин бойго жетүү темаларын камтыган эпистолярдык романы. Ал биринчи жолу Pocket Books тарабынан 1999-жылдын 1-февралында басылып чыгарылган. 1990-жылдардын башын чагылдырган роман интроверт өспүрүм Чарлинин Питтсбургдагы мектепте биринчи кирген жылынан тарта окуяларын баяндайт. Роман Чарлинин башкалардыкына окшобогон ойлонуу стилин сүрөттөйт. Ал өспүрүм курак менен бойго жетилейин деп калган убактын ортосунда достору жана үй-бүлөсү менен болгон мамилелерден улам жаралган курч суроолорго жооп алып, ойлонууга туура келет.

Чбоски "Дубал гүлү болуунун кызыктуу жактары" чыгармасынын каармандарын жаратып, өзүнүн эстегендеринен окуянын жагдайларын ойлонуштуруп өз эмгегин иштеп чыгып бүтүрүүгө беш жыл короткон. Роман өспүрүм кез, тартынчаактык, жыныстык жашоо, маңзат колдону сыяктуу темаларды козгоп, башка адабий эмгектерге, тасмаларга, поп маданиятына да токтолот.

Чбоскинин биринчи китеби коммерциялык жактан ийгиликтүү болсо да мазмунунан улам ага Америкадагы кээ бир мектептерде тыюу салынган. 2012-жылы Чбоски китепти тасмага ылайыкташтырып, сценарийин өзү жазып тартып чыгарган. Тасмада Логан Лерман, Эзра Миллер жана Эмма Уотсон ролдорду аткарышкан. Тасма романдын сатылышын арттырып, китеп The New York Times гезитинин бестселлер тизмесине кирген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]