Дубана

Википедия дан

Дубана – кыргыздардагы сопулуктун (суфизмдин) бир көрүнүшү. Аны колдогондор ислам дининин кечилдик багытын тутуп, өз алдынча же топ болуп айылдан айылга, элден-элге көчүп-конуп жүрүшкөн. Кийиминде кечилдиктин белгиси катары өзгөчө элементтер (терисинин жүндөрү сыртына карата тигилген шоңшогой топу, үстүндө жүндөн жасалган чапан) болгон. Жандарына үн чыгаруучу түрдүү аспаптарды, шалдыркандуу аса таякты алып жүрүшкөн. Өзгөчө кыймыл аракеттердин натыйжасында кудай менен түздөн түз байланыш түзүү кудуретине жетүү Дубаначылыктын негизги максаты болгон. Ага жетиш үчүн бул агымды колдогон ар бир адам шариатты, тарикатты (чындык жолу), марафатты (зикир аркылуу мааниге сүңгүп кирүү) жана акыйкатты (алла-тааланы толук таануу) иш жүзүнө толугу менен аткарышы зарыл болгон. Дубаналар эмчилик касиетке ээ адамдар катары оорулуу адамдарга дем салышкан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.