Дубковецкий, Фёдор Иванович

Википедия дан

Дубковецкий Фёдор Иванович (20. 4(2. 5). 1894-6. 3. 1960) - Украинада колхоз уюштуруучулардын бири.

Черкас облусунун Тальнов районуундагы «Здобуток Жовтня» колхозунун төрагасы (1941-жылга чейин жана 1945-жылдан).

Эки жолу Социалисттик Эмгек Баатыры (1951, 1958). 1926-жылдан КПСС мүчөсү. 1922-ж. Черкас облусунун Тальнов районуунда жер шериктиги боюнча алгачкы артелди уюштуруп, ага председатель болгон. Ал башкарган колхоз ВСХВ, ВДНХга катышып, бир нече диплом жана сыйлык алган. Дубковецкий КПССтин 19- 21-съезддеринин делегаты, СССР Жогорку Советинин (1, 3, 4-шайл.) депутаты. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.