Дудинов Олимпий Аврамович

Википедия дан

Дудинов Олимпий Аврамович - (30. 7. 1896-7. 12. 1955) окулист, медицина илимдеринин доктору (1941), профессор (1949). Кыргыз ССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1954), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1945). Томск университетинин медициналык факультететин бүтүргөн (1920), Урал шаарындагы 4-амбулаторияга (1920-25), Алматыдагы (1931) жана Фрунзедеги (193841) көз оорулар клиникасында бөлүм башчы болгон. 1941-жылдан өмүрүнүн акырына чейин КММИнин көз оорулар кафедрасын башкарган. Дудинов 84 илимий эмгектин автору. Негизги эмгектери Кыргызстанда трахоманы жоготуу, көздүн тунук кабыгынын ириңдүү жарасын дарылоо жана андан сактануу чараларына арналган. СССР Жогорку Советинин (3-шайл.) депутаты. Үч Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Задачи ликвидации трахомы в Киргизской ССР // Советское здравоохранение Киргизии. 1955, № 5.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]