Дудук каздар (уруу)

Википедия дан
Branta canadensis.

Дудук каздар (лат. Branta) - канаттуулардын өрдөк сымалдар тукумундагы уруусу. Башы кичине, кыска тумшугу жана таманы кара. Анын 4 түрүнүн экөө КМШ өлкөлөрүндө кездешет. Кара дудук каздардын салмагы 2 кгга жакын. Алар Сибирде (Ямалдан Чукоткага чейин), Түндүк Америкада (Аляскадан Гренландияга чейин) уялайт. Ак жаак дудук каздар Жаңы Жердин түштүк аралдарын, Шпицбергенди, Гренландиянын чыгыш бөлүгүн мекендейт. Канада дудук каздарынын салмагы 1,5-8 кг, Түндүк-Батыш Америкада жашайт. Кызыл төш дудук каздары Обь дарыясынан Хатангага чейин таралган. Көбүнчө суу өсүмдүктөрү менен азыктанат. Алардын 1 түрү жана 1 түрчөсү ТКЭСтин кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5