Думара

Википедия дан

Думараэтноним. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Д. деген эл кыргыз, казак, нойгут жана башкалар сыяктуу эле бир атадан тараган. Бул элдин аты "Манас баатыр баштаган кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчкөнү", "Алооке кандын Манаска багынганы" окуяларында жана "Көкөтөйдүн ашында" Д. элинин Алтынкөкүл деген баатыры Манаска сайышка минүүгө атын бергенинде эскерилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4