Дума (музыка)

Википедия дан

Дума (музыка) - украиндердин тарыхый жана азыркы мезгилдеги окуяларды баяндаган эпикалык ыры.

Ырлар анча татаал эмес (4 муундан 20 муунга чейин). Адатта уйкаштыктары этиш сөздөрүнөн турат. Д. украин казактардын арасында пайда болуп, 15-17-кылымдарда тараган. Аны сокур ырчылар (бандурачылар, козарылар) эркин уйкашта сабатмалуу обондо көбзаның - (бандуранын): коштоосунда аткарышкан.

Думада украиндердин түрк, татар, поляк баскынчыларга каршы күрөштөрү, эрдиктери дэ баяндалган.

Дума баатырлары кедей казак Голота, туруктуу патриот Самойло Кошка, элдик шер Ганджа Анибер ж. б. болушкан. Совет доорунда кайратман эмгекчи элдердин ар кандай эрдиктери даңкталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.