Дунаевский Исаак Осипович

Википедия дан

Дунаевский Исаак Осипович (18 (30). 1. 1900, Лохвица, азыркы Полтава облусу – 25. 7. 1955, Москва ) – композитор, РСФСР эл артисти (1950), советтик оперетта менен музыкалык кинокомедияга негиз салгандардын бири. 1919-ж. Харьков консерваториясын бүтүргөн. Эл арасына кеңири тараган «Мекен жөнүндө ыр», «Шайыр балдардын маршы», «Мектеп вальсы», «Унутпа», «Каховка жөнүндө ыр» жана башка чыгармаларды, 12 оперетта («Күйөөлөр», 1927; «Алтын өрөөн», 1937; «Чий калпак», 1938; «Таалай жолу», 1941; «Маскарапоздун уулу», 1950; «Ак акация», 1955 жана башка), балет, эстрадалык оркестр үчүн пьесаларды, спектаклдерди жазган. Анын таланты айрыкча фильмдерге жазган музыкасында көрүнгөн: «Үч жолдош» (1935), «Дарбазачы» (1936), «Капитан Гранттын балдары» (1936), «Цирк» (1936, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1941), «Волга-Волга» (1938, СССР мамлекеттик сыйлыгы 1941), «Кубандык казактар» (1950, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1951) жана башка. Композитор музыканы фильмдин драматургиясынын бирден бир башкы компонентине айландырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1