Дунган музыкасы

Википедия дан

Дунган музыкасы – дунган калкынын музыкасы. Дунган музыкасы бир үндүүлүгү, шаттуулугу, обондуулугу, ыргагынын жана өлчөмүнүн эркиндиги менен айырмаланат. Элдик музыкалык аспаптары: михузы, эрхузы, сыхузы (кыл аспап), «ди», «щё» (үйлөмө аспап), санщянцзы, пиба, ёнчин, кучянзы (чертме аспап), вазы (урма аспап). Ырчылар музыкалык аспаптын коштоосу менен аткарат. Дунгандар ырды эне тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө байланыштуу басыңкы үн менен ырдайт. «Нанчо данфи», «Мынчжано» сыяктуу эски ырлары бүгүнкү күнгө чейин ырдалат. Октябрь революциясынан мурун Пишпек уездинде Щинин Гасыр, Ля Ягэзы, Янсуй, Исмаз, Чжупи Давуз сыяктуу аспаптык музыканы мыкты аткаруучулар болгон. Чжан Сумаз бир нече аспапта ойногон. Анын баласы Чжан Гашим Кыргыз мамлекеттик филармониясындагы дунган ансамблине жетекчилик кылган. 1930-ж. Алматыда музыкалык аспаптын чебер аткаруучусу Машанло Сыдзюзынын ысмы белгилүү. Кыргызстан (Кыргыз ССР эл артисти Х. Мухтаров) менен Казакстанда (СССР комп. союзунун мүчөсү, Алматы консерваториясынын доценти Б. Баякунов жана башка) музыкалык жогорку билими бар бир катар профессионал музыканттар иштешкен. Респ-дагы дунган калкынын туңгуч компо зитору, КРдин эл арт. Есен Исмаилов «Чунтян», «Есен-Д» эстрадалык топторун жетектеп, ырларын тартуулап келүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1